• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Тамак оорулары өнөкөт ооруга айланбашы үчүн алдын алуу жана дарылоо – адистердин кеңеши

Ден соолук 0

Бишкек, 28.11.18. / Кабар/. Тамак оорулары өнөкөт ооруга айланбашы үчүн анын алдын алып жана туура дарылануу керек.

Республикалык ден соолукту чыңдоо борборунун адистеринин айтымында, аба ырайы сууктаганда муздак жана нымдуу аба менен ооз аркылуу дем алгандан жана муздак азык, суусундарды (сүт, балмуздак, суу) көп ичүү тамак оорусуна алып келиши мүмкүн.

Тамак оорууларынын алдын алуу:

1. Суук өткөрүүдөн сактануу. Суук аба ырайында тамакты жапкан кийим кийүү;

2. Мурун ичин ачык кармоо. Мурун менен дем алганда муздак аба жылууланып, тамак оорудан сактайт;

3. Кыш айларында муздак азык, суусундарды (сүт, балмуздак, суу) көп ичпөө;

4. Организмди чыңдап туруу ар түрдүү илдеттерге туруктуулукту арттырат;

5. Туура тамактануу. Толук кандуу жана түрлүү тамактануу организмдин керектүү микроэлементтерди, витаминдерди топтоосуна, иммунитеттин ооруга каршы туруусуна жардам берет;

6. Тамак ооруса дарыгерге кайрылуу зарыл. Өз алдынча дарыланууга болбойт. Туура эмес жана толук кандуу дарыланбай коюу оорунун өнөкөткө айланышына алып келиши мүмкүн.

Пикир

Оставить комментарий