• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ысык-Көл – Ташкент аба каттамы жанданат

Коом 0

Бишкек. 23.05.19 /Кабар/. Кыргызстандын Өзбекстандагы элчилиги тараткан маалыматка ылайык, Өзбекстандын «Узбекистон хаво йуллари» ишканасы менен бирге каттамды жайкы мезгилде жандантуу пландалууда.

Ага ылайык, Ташкент-Тамчы (Ысык-Көл) -Ташкент каттамындагы учак быйылкы жылдын 27-июнунан 6-сентябрына чейин апта сайын бейшемби күндөрү каттайт.

Ташкент-Тамчы аба каттамы былтыр да иштеп, бирок жүргүнчү аз болуп, каттам өзүн актабагандыктан июль айынын ортосунда токтотулган.

Ташкент-Тамчы аба каттамы Ысык-Көлдө эс алган өзбекстандык туристтердин көбөйүшүн шарттай тургандыгы айтылып келет.

Пикир

Оставить комментарий