• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Тамеки чегүү адамда жүрөк кан тамыр, кант диабети, онкологиялык, өнөкөт өпкө ооруларын жаратат – ДСУ өкүлү

Ден соолук 0

Бишкек, 29.05.20. /Кабар/. Тамеки чегүү адамда жүрөк кан тамыр, кант диабети, онкологиялык, өнөкөт өпкө ооруларынын пайда болушунун башкы себептеринин бири. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун улуттук кызматкери Алийна Алтымышева билдирди.

Ал 31-май Дүйнөлүк тамекисиз күн болуп эсептелерин жана ал күн дүйнө менен катар Кыргызстанда да белгиленерин айтып өттү.

Анын айтымында, жыл сайын дүйнөдө 8 млн киши жүрөк кан тамыр, кант диабети, онкологиялык, өнөкөт өпкө ооруларынан улам каза болот.

"Ал оорулар боюнча биздин мамлекетте абал көңүл жубатарлык эмес. Калктын дээрлик 70%ы ошол төрт оорудан улам каза болот. 50%ы жүрөк кан тамыр оорулары менен байланыштуу. Ал ооруларга алып келген жалпы бир фактор – андай факторлор көп, бирок башкы факторлорунун бири чылым чегүү. Былтыр Кыргызстанда 13-15 жаштагы балдар арасында "Жаштардын чылым чегүүсү" боюнча изилдөө жүргүзүлгөн. Анын жыйынтыгы жаштар, балдар арасында терс тенденция бар экенин көрсөттү", - деди ал.

Анын айтымы боюнча, чылым өндүрүүчүлөр жаштардын тамекиге болгон кызыгуусун жаратуу үчүн ага кооз таңгак жасап, тамекини ар кандай даамдар (жалбыз, алча ж.б.) менен чыгарат.

Ал белгилегендей, учурда жаштар арасында электрондук тамеки чеккендер көбөйө баштады. Анын тамекиден зыяны кем эмес.

"Адам кадимки тамекини чеккенде канча чеккенин көрөт. Ал эми электрондук тамекини чеккенде ал канчалык көлөмдө чегилгени билинбейт", - деди ал.

Анын айтымында, адам чылым чегүү менен өзүнө бир катар (инфаркт, инсульт, гипертония, онкологиялык оорулар) ооруларды чакырат.

Пикир

Оставить комментарий