• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Тамеки чегүүдөгү этиятсыздыктан кафе өрттөндү

Кырсык 0

Бишкек, 25.09.17. /Нуркыз Сабырова – Кабар/. Кечээ Бишкектин түштүк бөлүгүндө этиятсыздыктын кесепетинен кафеде өрт чыккан. Өрттүн натыйжасында жайдын чатыры, полу жана интерьери күйүп кеткен.

ӨКМ басма сөз кызматынын маалыматы боюнча өрт А.Токомбаев жана Байтик Баатыр көчөлөрүнүн кесилишиндеги “Мангал” кафесинде 21:40 чамасында чыккан. 3 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган.

Тилсиз жоо 22:20 чектелип, түнкү 00:37де толугу менен өчүрүлгөн.

Өрттүн кесепетинен 300 чарчы метр металл чатыр, жыгач тактай полу, 2 муздаткыч, 10 отургуч жана бар тирөөчтөрү күйүп кеткен. Курмандыктар жана жабыркагандар жок. Тилсиз жоо тамеки чегүүдөгү этиятсыздыктан келип чыкканы аныкталды.

Пикир

Оставить комментарий