• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Тамеки, ичимдиктен баш тартуу керек - Коронавирустан айыккандан кийин ден соолукту калыбына келтирүү үчүн эмне кылуу керек?

COVID - 19 0

Бишкек, 29.07.20. /Кабар/. Бүгүн өкмөт үйүндөгү маалымат жыйынды Республикалык ден соолукту чыңдоо борборунун директору Нурила Алтымышева коронавирустан айыккан адамдар организмдин калыбына келиши үчүн эмне кылышы керектиги тууралуу айтып берди.

Анын айтымында ооруп чыккан бардык адамдарга организминин калыбына келиши үчүн убакыт талап кылынат.

"Ооруп чыккан адамдардын көбү дем алуунун оорлошусу, көп кыймылдагандан кийин демигүү, алсыздык, бат чарчоо пайда болуп жатканын айтышууда. Ооруну орточо оор жана оор түрдө өткөргөн адамдар үчүн реабилитация талап кылынат. Коронавирустан кийин калыбана келүү процесси ар кимде ар кандай болот. Баары оорунун оордугуна жана адамдын организмине жараша болот. Биз ден соолукту калыбына келтирүү үчүн бир катар жөнөкөй кеңештерди берип келебиз. Тамактануу тууралуу айта кетсем. Күйн сайын көбүрөөк суусундук ичүүнү - лимон кошулган суусун, компот, лимон кошулган чай ж.б. ичүүнү сунуш кылабыз. Кычкыл суусундуктарды ичүү керек - айран, кефир. Майлуу эмес эт - ут, тоок эти ж.б. - колдонуу сунушталат. Ошол эле учурда этти куурубай, кайнатып бышыруу зарыл. Бара-бара рационго белок, май, витаминдери бар калориялуу тамактарды кошууга болот. "С" витамини бар жашылча-жемиштерди көп жеш керек. "С" витамини бар лимонду билебиз. Лимондон тышкары чычырканак, болгар калемпиринде, чыны карагат, козу кулак, шпинаттарда да "С" витамини бар. Куурулган, туздуу, ышталган, ачуу тамактарды, кант, таттууларды жана таттуу суусундуктарды колдонбоо керек. Тамеки чегүүдөн жана ичимдик ичүүдөн баш тартуу зарыл", - деди ал.

Ал белгилегендей, коронавирустан кийин кыймыл-аракет кылууга көңүл буруу ден соолуктун калыбына келишине жардам берет.

"Айыккандан кийин биринчи күндөрү бир аз кыймыл-аракет кылуу керек (оордук келбегендей). Таза абада жай басып сейилдөөдөн баштоо зарыл. Адамдын акыбалы жакшыра баштаганда жөө басуунун убактысын жана ылдамдыгын көбөйтүүгө болот. Сейилдөөнүн убактысы 30 мүнөттөн ашпашы керек. Ооруну орточо оор жана оор өткөргөндөр пульмонологдон же дарыгерден кыймыл-аракет кылуунун түрү, убактысы боюнча кеңеш алуу зарыл. Эгер адам ооруганга чейин фитнес, спорт менен алектенип келген болсо машыгууга акырындан киришүүсү керек", - дейт ал.

Анын айтымында, организмди калыбына келтирүүдө дем алуу көнүгүүлөрүнүн да пайдасы бар.

"Дем алуу көнүгүүлөрү дем алуу органдарынын ишин жакшыртууга жардам берет. Дем алуу көнүгүүлөүн өз алдынча үйдө жасоого болот. Жакшы жыйынтыкка жетүү үчүн дем алуу көнүгүүлөрүнө күн сайын 10-15 мүнөт бөлүү зарыл. Иммунитетти көтөрүүгө жакшы уйку жардам берет. Оорудан кийин сегиз сааттан кем эмес уктоо сунушталат. Суук тийүүдөн сактануу керек - туура кийинип, муздак абадан алыс болуу зарыл", - деди ал.

Ал белгилегендей, коронавирус менен ооруп чыккан адамдардын баары санитардык талаптарды аткарышы керек.

Пикир

Оставить комментарий