• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Тамеки продукцияларынын чекене баасын жогорулатуу сунушталууда

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 29-май /Кабар/. Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин бүгүнкү, 29-майдагы жыйынында сатыкка коюлган тамеки продукцияларынын чекене баасын жогорулатуу маселеси каралды. Бул багытта Өкмөткө тиешелүү тапшырмалар берилди. Анткени, тармактык комитеттин бул жолку жыйынына депутаттар Д. Бекешев, А. Самигуллина, Е. Строкова сигареталардын чекене баасын көтөрүү маселесин демилгелеп алып чыгышкан. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Депутат Альфия Самигуллина, - "Эң арзан чылымдын бир кутусу азыр 40 сомдон сатылып жаткан болсо, аны 50 сомго жогорулатуу зарыл", - деген пикирин билдирип, кошумча киреше салыгын кайра карап чыгуу керектигине токтолду. Депутат Алмазбек Токторов эгер чекене баа жогорулай турган болсо, акциздик маркаларга тиешелүүлүгү барбы?- деген суроону тактады. Ал эми депутат Рыскелди Момбековдун каршы добуш бергенин эсепке албаганда, комитеттин чыгарган чечими аркылуу сунушталган демилге жактырылды.

Пикир

Оставить комментарий