• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Тамеки тарткан адамдар аз өмүр сүрүшөт - изилдөө

Дүр дүйнө 0

Тамеки тартуу ден соолукка зыян экендигин бардыгыбыз билебиз. Тамеки тарткандардын өмүрү чылым чекпегендердин өмүрүнө караганда кыска болот.

Тамекинин түтүнүндө дээрлик 4 миңге жакын химикат кошумчалары бар. Алардын дээрлик 40ы өзгөчө кооптуу болуп саналып, рактын пайда болушуна алып келет.

Тамеки тартуу жүрөккө зыян. Тамеки чеккен адамдын жүрөгүнүн согушу жөнөкөй адамга караганда суткасына 15 миң соккуга көп болот. Денеге жана баш мээге тараган аба кыйла төмөн болот.

Тамеки тартуу – бул өнөкөт, көздүн көрүүсүн начарлатат, мээ үчүн абдан зыян жана эң башкысы өпкөгө өзүнүн терс таасирин тийгизет.

Чылым чеккен адамдар аз өмүр сүрө тургандыктарын окумуштуулар изилдеп чыгышкан. Алсак, АКШнын окумуштуулары бир миллион адамга изилдөө жүргүзгөндө, ар күнү бирден тогуз даанага чейин тамеки тарткандар орто эсеп менен 4,5 жашка кем өмүр сүргөн, ал эми орто жаштагы, башкача айтканда 40-55 жаштагы адамдар күнүнө 10дон 19га чейин тамеки тарткандардын өмүрү болсо 8,5 жаш кем өмүр сүргөндүгү байкалган.

Интернет булактарынан алынды

Пикир

Оставить комментарий