• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Тамеки жана алкоголдук продукцияны милдеттүү түрдө маркалоо 1-апрелге чейин узартылды

Экономика 0

Бишкек, 08.10.20. /Кабар/. КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 2-октябрындагы токтому менен тамеки жана алкоголдук продукциянын санариптик идентификациялоо каражаттары менен милдеттүү түрдө маркалоого өтүүнүн мөөнөтү 2021-жылдын 1-апрелине чейин узартылды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

Белгилей кетсек, мурунку белгиленген мөөнөттөргө ылайык, тамеки продукциясын милдеттүү түрдө маркалоого өтүүнүн мөөнөтү 2020-жылдын 1-октябрына, алкоголдук продукцияныкы – 2020-жылдын 1-ноябрына чейин болчу.

Мөөнөтүн жылдыруу жөнүндө чечим салык жол-жоболорун фискалдаштыруу долбоорунун алкагында айрым товарларды идентификациялоо каражаттары менен маркалоону натыйжалуу киргизүүнүн максатында кабыл алынды.

Ошол эле учурда 2021-жылдын 31-мартына чейин тамеки жана алкоголдук продукцияны жана бут кийим товарларын санариптик идентификациялоо каражаттары менен маркалоо боюнча пилоттук (эксперименттик) долбоор жүргүзүлөт.

Санариптик идентификациялоо каражаты – бул ар бир товардын индикатору жөнүндө маалыматты камтыган штрих же дата-матрикс түрүндө берилген машина окуй ала турган формадагы символдордун уникалдуу ырааттуулугун түшүндүрөт.

Кыргыз Республикасында товарларды милдеттүү түрдө маркалоо ЕАЭБде товарларды маркалоо боюнча макулдашууну аткаруу максатында, ошондой эле “СМАРТ Салым” салык жол-жоболорун фискалдаштыруу долбоорунун бир компоненти катары ишке киргизилүүдө.

Товарларды милдеттүү түрдө маркалоо товарды даярдоочудан акыркы керектөөчүгө чейинки жолун байкоого алууга мүмкүндүк берип, ата мекендик бизнестин өнүгүүсү үчүн шарттарды түзөт, калкты сапатсыз товарлардан коргойт, ошондой эле маркаланган товарлардын ЕАЭБге мүчө өлкөлөрүнө тоскоолдуксуз жеткирилишин камсыздайт.

Пикир

Оставить комментарий