• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Тамеки жана алкоголдук продукцияны милдеттүү түрдө маркалоого өтүү мөөнөтү узартылды

Экономика 0

Бишкек, 29.07.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-июлундагы токтому менен тамеки продукциясын санариптик идентификациялоо каражаттары менен милдеттүү түрдө маркалоого өтүүнүн мөөнөтү 1-октябрга чейин, алкоголдук продукцияныкы – 1-ноябрга чейин узартылды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Мөөнөтүн жылдыруу жөнүндө чечим салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун электрондук системасын ишке киргизүүнүн, айрым товарларды идентификациялоо каражаттары маркалоону натыйжалуу киргизүүнүн алкагында жүргүзүлүп жаткан салык саясатынын ырааттуулугун камсыз кылуу максатында, ошондой эле өлкөдө коронавирустук инфекциясынын жайылышы боюнча кырдаалга байланыштуу кабыл алынган.

Ошол эле учурда үстүбүздөгү жылдын 30-сентябрына чейин тамеки продукциясын, 31-октябрга чейин алкоголдук продукцияны жана бут кийим товарларын санариптик идентификациялоо каражаттары менен маркалоо боюнча пилоттук (эксперименттик) долбоор жүргүзүлөт.

Санариптик идентификациялоо каражаты – бул ар бир товардын индикатору жөнүндө маалыматты камтыган штрих же дата-матрикс түрүндө берилген машина окуй ала турган формадагы символдордун уникалдуу ырааттуулугун түшүндүрөт.

Кыргыз Республикасында товарларды милдеттүү түрдө маркалоо "Санарип Кыргызстан 2019-2023" Санариптик трансформациялоо концепциясынын жана салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун алкагында, май куюучу жайларды башкаруунун автоматташтырылган системасы, электрондук эсеп-фактуралар, электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаз, ККМ-онлайн жана башка санариптик системалар менен катар ишке киргизилүүдө.

Товарларды милдеттүү түрдө маркалоо контрафакттык продукциялар менен күрөшүүгө, бизнести өнүктүрүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө, ата-мекендик өндүрүүчүлөрдү коргоого, сапатсыз товарлардан калкты оолактатууга, ошондой эле ЕАЭБдеги Кыргызстандын эл аралык экономикалык позициясын бекемдөөгө мүмкүндүк түзөт.

Пикир

Оставить комментарий