• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Скульптор Тамила Маматовага Казакстандын II даражадагы "Достык" ордени тапшырылды

Маданият 0

Бишкек, 09.06.22. /Кабар/. 9-июнда кыргызстандык жаш скульптор Тамила Маматовага Казакстандын II даражадагы “Достык” (Достук) ордени тапшырылды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Сыйлык тапшыруу аземи Алыкул Осмонов атындагы улуттук китепканада өтүп, ага мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, маданият министри Азамат Жаманкулов жана Казакстандын Кыргызстандагы элчиси Рапил Жошыбаев катышты.

Тамила Маматовага жогорку даражадагы мамлекеттик сыйлыкты казак элчиси тапшырды.

""Достук" ордени Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин тапшырмасынын негизинде ыйгарылды. Сыйлык тапшырууга таланттуу скульпторлордун казак элинин акыны Мухтар Ауэзовдун бюстун жасагандыгы, эки элдин достугун бекемдөөгө жана маданий алаканы жаңы деңгээлге алып чыкканы себеп болгон. Июлда Ауэзовдун 120 жылдыгы белгиленип, анын алкагында Тамила Маматованын колунан жаралган бюсттун ачылышы пландалууда", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, “Достык” ордени Казакстандын мамлекеттик сыйлыгы болуп саналат. Сыйлык коомдогу өз ара ынтымакты сактоодогу үзүрлүү эмгеги, тынчтыкты, элдердин ортосундагы достукту жана кызматташтыкты чыңдоого сиңирген эмгеги үчүн Казакстандын президенти тарабынан ыйгарылат.

Тамила Маматова Кыргызстандагы жаш скульпторлордун бири. Ала буга чейин Кыргыз улуттук академиялык драма театрында театр жана кинонун актрисасы, Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти Таттыбүбү Турсунбаванын бюстун, залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун эстелигин жасаган. Кесиби боюнча скульптор-сүрөтчү.

Пикир

Оставить комментарий