• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Тамтыгы чыккан "Манас айылы"! Бишкектин тургундары этнографиялык комплекстин абалына нааразы

Коом 0

Бишкек, 31.05.19. /Кабар/. Бишкек шаарынын тургундары “Манас айылы” этнографиялык комплекстин абалына нааразы болуп, эртерээк аны оңдоо боюнча чараларды көрүүнү суранышты.

Facebook соцтармагынын колдонуучусу Бактияр Тукеев өзүнүн баракчасында комплекстин учурдагы абалы тууралуу сүрөттөр менен бөлүшкөн.

“Дем алыш күнү балдарымды алып "Манас айылына" барсам, кызым "папа жаман жерге эмне алып келдиң" дейт. 9-10 жыл мурда жолдош балдардын үйлөнүү тою күнү барган учурлар болгон, анда абалы жакшы эле болчу. Азыр "мышык ыйлайт". Кароосуз калыптыр. Туристтер көрсө кандай ойдо калганын элестетиш кыйын! Манас атабыздын арбагы боздоп жатса керек! Угушумча 2 жылдан бери атайын суусун жабып бак-дарактарды кууратып жатыптыр. Бузуп, ордуна башка имарат салынат окшойт дейт ошол аймакта жашаган байке. Маалыматым боюнча, бул комплекс СЭЗ Бишкекке карайт. Анан да бул кароосуз калган жайдын директору менен бухгалтери көп экен”, - деп жазган ал.

Тукеев тезинен бул жайды оңдоп-түзөп, жеткиликтүү акча бөлүп, же бөлүнгөн акчаны жебей жумшап, калыбына келтирилбесе, келечек муун калтырган "мурасыңар" ушубу деп улуу муунду жер каратат, дейт. "Комплекске коңшу жайгашкан "Ысык-Көл" мейманканасы өзүнчө бир "трагедия".

“Манас айылы” этнографиялык комплекси 1995-жылы “Манас” эпосунун 1000 жылдыгын майрамдоого карата тургузулган. Курулуш иштери аяктагандан кийин, ал Бишкек шаардык мэриянын балансында болгон.

Кийинчерээк, 1999-жылдын 1-июлунда комплекс “Бишкек” эркин экономика зонасынын башкы дирекциясынын балансына өткөрүлүп берилген. Бул борбор “Бишкек” ЭЭЗдин өндүрүш ишмердүүлүгүнө тиешеси жок болгондуктан, аны кароо чыгымы оорлоп, убакыттын өтүшү менен маданий борбордун аймагынын абалы начарлап баштаган.

Акыркы жылдары комплексти кайрадан борбордук мэриянын балансына өткөрүп берүү маселеси көрүлүп, бирок азыркыга чейин ачык бойдон калууда.

Ошондой эде туризм Департаменти комплексти оңдоп-түзөө үчүн алдын ала эскиздерди даярдап, инвесторлордун издөө аракеттерин көргөн.

Пикир

Оставить комментарий