• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Танго боюнча мастер-класс, Европа артисттеринин өнөрү: Бишкекте Еврокыштакча жарманкеси өтөт

Коом 0

Бишкек, 08.05.19. /Кабар/. Бишкекте 11-май күнү Европа биримдигине кирген өлкөлөрдүн салт, тарых, маданияты менен тааныштырган Европа кыштакчасы иш-чарасы экинчи ирет өтөт. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйынында Европа биримдигинин КРдагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Эдуард Ауэр билдирди.

Ал иш-чарада Европа биримдигинин 12 өлкөсү өз товарларын, улуттук тамак-аштарын, эстелик буюм-тайымдарын алып чыгып, ар кандай оюндар уюштурулат.

"Андан тышкары, Евробиримдиктин КРдагы 10 долбоорунун, Венгрия тууралуу автордук сүрөттөрдүн көргөзмөсү өтөт. Алсак, Евробиримдиктин жалпы суммасы 72 млн. еврону түзгөн 2014-2020-жылдардагы билим берүү системасына болгон колдоосуна байланыштуу стенд орнотулат. Бул каражаттар өлкөнүн өкмөтүнө которулуп турган. Бул ири сумма, бирок ал билим берүү тармагын өнүктүрүүгө жетишсиз. Дагы бир стенд айыл аймактарын өнүктүрүүгө байланыштуу болот. Ошондой эле укуктун үстөмдүгү боюнча стенд болот. Биз 2014-2020-жылдардагы жардамдар тууралуу айтып беребиз. Соттор, прокуратура кызматкерлерине тренинг жана санариптештирүү боюнча жардам бердик. Биз, муну маанилүү тема деп ойлойбуз", - деди Эдуард Ауэр.

Ошондой эле ал, аялдарга карата зомбулукка каршы күрөш жана чек араларды башкаруу долбоорлору боюнча стенддер болорун кошумчалады.

Андан тышкары, жарманке менен бирге аталган кыштакчанын аймагында маданий иш-чаралар өтүп, Евробиримдик өлкөлөрүнүн артисттери өнөрүн тартуулап, сынактар, оюндар уюштурулат.

Латвия, Эстония жана Финляндиянын аткаруучуларынын концерти болот.

Эдуард Ауэр белгилегендей, Еврокыштакчанын биринчи иш-чарасы ийгиликтүү өткөндүктөн бул жылы да уюштурууну чечишкен. Быйылкы иш-чара мурункудан көп айырмаланбайт.

"Эгер бул жылы Еврокыштакчаны ийгиликтүү өткөрүп алсак, бул иш-чараны дайыма уюштуруп турабыз", - деди өкүлчүлүктүн башчысы.

Пикир

Оставить комментарий