• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Танк биатлону-2021: КР танкисттери Лаос, Мали жана Мьянма командаларына каршы чыгат

Коом 0

Бишкек, 20.08.21. /Кабар/. Алабино аскер машыгуу полигонунда Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн танк экипаждарынын курамы чүчү кулак кармоодон кийин алынган Т-72Б3 танктарына орнотулган 125 мм найсыз замбиректерден, 12,7 мм зениттик жана 7,62 мм пулеметтордон ок атып текшерип көрдү. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, танк айдоо учурунда кыргызстандык танкисттер 5 бутаны талкалоо керек. Алар биринчи айлампада - инерттик кумулятивдүү снаряд менен 1600-1800 м аралыкта "танк" (3 бута), экинчисинде - 12,7 мм зениттик пулеметтон 800-1000 м аралыктагы "вертолет", үчүнчүсүндө - 7,62 мм калибрдүү пулемёттон 600-800 м аралыкта жайгашкан "танкка каршы кол гранатометту талкалоосу керек.

Кыргызстандын командасы 2 - дивизиянын курамында 22-августта сары түстөгү танктар менен Лаос, Мали жана Мьянма командаларына каршы чыгат.

Пикир

Оставить комментарий