• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Тапанча менен коркутуп 63 миң сом тоноп кеткен жаран кармалды. Видео

Укук тартиби 0


Бишкек, 27.02.19. /Кабар/. Бишкектеги кафелердин бирине тапанча менен кирип, 63 миң сом тоноп кеткен жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 20-февраль күнү саат 22:50дө белгисиз адам Бишкектеги тез тамактануучу жайлардын бирине келип, кафе кызматкерин тапанча менен коркутуп 63 миң сомдон ашык акчаны уурдап кеткен.

Бул окуя милиция кызматында каттоого алынып, сотко чейинки иштер башталган.

Көп өтпөй 25-февраль күнү кылмыш жасоого шектелип 35 жаштагы Б.А. аттуу жаран кармалган. Ал мурда соттолгондугу аныкталган.

Ошондой эле анын туугандарынын үйүнөн травматикалык тапанча табылган.

"Кармалган жарандын карактоо кылганын тастыктаган бир нече далилдер бар", - деп айтылат маалыматта.

Учурда ал жаран убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Анын бул өңдүү кылмыштарды жасап-жасабагандыгы аныкталууда.

Пикир

Оставить комментарий