• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Тараз-Талас-Суусамыр автожолунда тынымсыз профилактикалык иштер жүрүүдө

Аймак 0

Бишкек, 29.07.21. /Кабар/. Талас облусунун негизги жолу болгон эл аралык маанидеги Тараз-Талас-Суусамыр автожолунда тынымсыз профилактикалык иштер жүрүп жатат. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Мындан тышкары, бүгүнкү күндө жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан Талас облусунун Тараз-Талас-Суусамыр автожолунда Кара-Буура районунун Кызыл-Адыр айылына жана Талас районунун Кырк-Казык айылына “Атаке шашпаңыз” аттуу баннерлерин илишкен.

Ал эми Манас районунун Чоң-Капка айылына “Өлүмдү эмес өмүрдү танда, айдоочу” аттуу баннерин илишкен. Аны менен милиция кызматкерлери айдоочуларды ылдамдыкты сактоого жана жол эрежелерин бузбоого үндөп, жол жүргүнчүлөрдүн жана өздөрүнүн өмүрлөрүн сактап калуу, ошондой эле үйдө "Сиздерди үй-бүлө күтүп жатат” деген маанидеги профилактикалык иш-чараларды жүргүзүүдө.

Пикир

Оставить комментарий