• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Тараздын борбордук аянтына Нурсултан Назарбаевдин ысымы берилди

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 02.10.19. /Кабар/. Тараз шаарындагы борбордук аянтка Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаевдин ысымы берилди. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар кабарлашты.

«Тараз шаарынын Достук аянты Нурсултан Назарбаев атындагы аянт болуп өзгөртүлсүн», — деп жазылган Жамбыл облустук акимчилигинин токтомунда.

Быйыл март айында президенттик ыйгарым укуктарын тапшырган Назарбаевдин урматына өлкөнүн баш калаасы Нур-Султан деп өзгөртүлгөн. Казакстанда Назарбаевдин ысымы борбордогу аэропортко жана бир катар шаарлардын көчөлөрүнө берилген. Нур-Султан шаарында Назарбаев Университети бар. Мындан тышкары бир нече шаарда анын эстеликтери тургузулуп, ага арналган музейлер ачылган.

Нурсултан Назарбаев бийликке 1991-жылы келип, өлкөнү дээрлик 30 жыл башкарды.

Пикир

Оставить комментарий