• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

MegaCom, Beeline, О!: Тармактан тышкаркы чалуулардын баасы 50 тыйынга арзандады

Коом 0

Бишкек, 09.01.19 /Кабар/. 1-январдан баштап Кыргызстандагы байланыш операторлору тармактан тышкаркы чалуулардын баасын 14 пайызга же 50 тыйынга арзандатты. Мындай кадамга уюлдук операторлор Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин эскертүүсүнөн кийин барышты.

Мекеменин адистери анализ жүргүзүп, «MegaCom», «Beeline», жана «О!» мобилдик операторлорунун тармактан тышкаркы чалуулары кымбат экенин аныкташкан.

«Атаандаштык жөнүндөгү» мыйзам бузулуп жатканын аныктап, байланыш операторлоруна бааны төмөндөтүүнү сунушташкан.

Мобилдик операторлор өз ара кеңешип, 2019-жылдын 1-январынан тартып тармак аралык байланыштын баасын 14 пайызга азайтуу тууралуу чечим кабыл алышкан.

Эми алты айда бир жолу тармактар аралык байланыштын баасы 50 тыйынга арзандап, эки сомго чейин төмөндөшү күтүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий