• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Тармактык комитет 2017-жыл боюнча КР Башкы прокурорунун отчетун угуп, бир катар тапшырмаларды берди

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 30.05.18. /Кабар/. Кечээ, 29-майда Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аркеттенүү боюнча комитетинин жыйынында 2017-жылдагы Кыргыз Республикасында мыйзамдуулуктун абалы жөнүндө жана аны чыӊдоо боюнча прокуратура органдары тарабынан аткарылган иштер тууралуу Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун отчету угулду.

КР Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Башкы проркуратуранын 2017-жылда аткарган иштери боюнча отчет берди. Маалыматка ылайык, отчеттук мезгил ичинде бардыгы болуп 9417 текшерүү жүргүзүлгөн. Алардын жыйынтыгы боюнча 14 607 прокурордук чара көрүү актысы киргизилген. Натыйжада тартиптик жана администрациялык жоопкерчиликке 9670 адам тартылган. Администратативдик практиканын негизинде республикалык бюджеттин кирешесине айып түрүндө 50336300 сом түшкөн.

Талкууда депутат Искендер Матраимов прокуратура кызматкерлерин өзгөчө терроризм-экстремизм маселесине кылдат көңүл бурууга чакырды.Ал эми Мирлан Жээнчорев Ош жана Баткен Бажы кызматында атайын угуучу аппараттар орнотулганын маалымдап, анын кандай максатта колдонулгандыгын иликтөөгө тапшырма берди. Бир катар депутаттар Бишкектеги жылуулук берүүчү электр борборундагы же Тарых музейиндеги сыяктуу ири коррупциялык көрүнүштөрдү Жогорку Кеңеш ачыктап чыккандан кийин гана чара көрүп калбай мындай мыйзамсыз иш-аракеттерди алдын алуу боюнча иштерди күчөтүүнү талап кылышты. Депутаттар Зарылбек Рысалиев, Наталья Никитенко мыйзамсыз курулуп жаткан көп кабатуу турак-жайларды, эс алуучу жайларын толук иликтеп чыгып, маалымат берүүнү тапшырышты.

Жыйынтыгында укук тартиби,кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитети депутаттар тарабынан айтылган сунуш-пикирлерди эске алуу менен Башкы прокурордун отчету боюнча тиешелүү чечим кабыл алышты. Ага ылайык, Башкы прокуратура коррупцияга каршы аракеттенүү маселелери жаатында укук коргоо жана башка мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсү боюнча натыйжалуу ишти камсыз кылуу; кызматтык жана экономикалык кылмыштарга байланыштуу убактылуу токтотулган жазык иштери боюнча жигердүү ишти жүргүзүү тапшырмасы берилген.

Мындан сырткары, кызматтык ыйгарым укуктарды кыянаттык менен пайдаланууларды аныктоо, коррупциялык укук бузуулардын кесепеттерин минималдаштыруу жана жоюу боюнча ишти активдештирүү; жарандарды жазык жоопкерчилигине мыйзамсыз тартуу, жазык иштерин мыйзамсыз козгоо фактыларына жана мындай иштерге тиешелүү тергөөчүлөрдүн, оперативдүү кызматкерлердин жана көзөмөлдөөчү прокурорлордун аракеттерине тишелүү баа берүү тапшырмалары камтылган.

Пикир

Оставить комментарий