• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Тармактык комитет Айыл чарба министри кызмат ордуна Чодуевдин талапкерлигин жактырды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек. 28.05.19 /Кабар/. Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин жыйынында Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри кызмат ордуна дайындоого жактырууга Эркинбек Чодуевдин талапкерлиги каралды.

Жыйында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев сунушталган талапкер тууралуу маалымат берди. Ал эми аталган министрлик кызмат ордуна сунушталган Чодуев комитет мүчөлөрүнүн суроолоруна жооп берди.

Суроо-жооп, талкуунун жыйынтыгында комитет Чодуевдин талапкерлигин жактыруу чечимин кабыл алды.

Эске салсак, Чодуев 2014-жылдын май айынан бери Айыл чарба министринин орун басары болуп иштеп келген.

Пикир

Оставить комментарий