• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Тармактык комитет аскер кызматы жөнүндө мыйзамдарга сунушталган түзөтүүлөрдү жактырды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 03.04.18 /Кабар/. Бүгүн, 3-апрелде Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынынында 2 мыйзам долбоору 1-окууда каралды.

ЖК басма сөз кызматы билдиргендей, алар төмөнкүлөр:

- “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“КР Куралдуу Күчтөрүнүн Ички кызматынын уставы жөнүндө” жана “Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө” мыйзамдарга) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору;

- “Аскер кызматчыларынын жана окуу менен атайын жыйындарга чакырылган аскерге милдеттүүлөрдүн жана аларга теңештирилген адамдардын өмүрүн жана саламаттыгын милдеттүү мамлекеттик камсыздандыруу жөнүндө» мыйзамг өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу”.

Комитет жыйынында аталган мыйзам долбоорлору боюнча КР коргоо иштер боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Нурсеит Кедеев баяндама жасады. Биринчи мыйзам долбоору менен турак жайы жок аскер адамдары үчүн батирдик төлөмгө тактоо киргизилүүдө. Тиешелүү тастыктоочу документ көрсөткөн аскер адамдарына кызмат өтөп жаткан жерине жараша аныкталуучу батирдик төлөм төлөнмөкчү.

Ал эми экинчи мыйзам долбоору ыкчам кызматта каза болгон аскер адамдарынын үй-бүлөлөрүн социалдык жактан коргоону жана алардын өмүрү үчүн аракеттеги мыйзамдарга ылайык, камсыздандыруучу сумманы төлөө боюнча бирдиктүү саясат менен камсыздоодо мамлекеттин жоопкерчилигин күчөтүүгө багытталган.

Талкууда депутат Каныбек Иманалиевдин суроолоруна жооп берип жатып Коргоо иштер боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Нурсеит Кедеев учурда 2,5 миң аскер адамы турак жайга муктаждыгын айтты..

Комитет мүчөлөрү 1-окуудагы аталган эки мыйзамды жактыруу чечимин кабыл алышты.

Пикир

Оставить комментарий