• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Тармактык комитет башкы прокурордун 2020-жылдагы ишмердүүлүгү тууралуу отчетун кабыл алды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 20.04.21. /Кабар/. Бүгүн, 20-апрелде Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитет менен Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитет биргелешип өткөргөн жыйынынын алкагында 2020-жылдагы мыйзамдуулуктун абалы жана аны чыңдоого багытталган прокуратура органдарынын ишмердүүлүгү боюнча башкы прокурордун отчетун карады.

Жыйында башкы прокурор Курманкул Зулушев баяндама жасап, депутаттар бир катар суроолорду беришти.

Алсак, депутат Жыргалбек Турускулов проркуратура тармагындагы кадрдык маселелер жана алардын айлык маянасы тууралуу сөз кылса, депутат Камчыбек Жолдошбаев курулуш тармагындагы мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө боюнча кеп козгоду. Ал эми депутат Саматбек Ибраев коррупцияга каршы күрөшүү, бизнести жана ишкерчиликти колдоо маселелерине токтолсо, депутат Иса Өмүркулов жаңы кодекстердин аткарылыш боюнча укук коргоо органдары тарабынан кемчиликтер көп экенин кошумчалады. Бул башкы прокурор Курманкул Зулушев "Кабыл алынган кодекстердеги кемчиликтерди жоюу керек" - деп жооп берип, андан тышкары прокуратура кызматкерлеринин айлык маянасы 12,5 миңден, 28 миң сомго чейин экенин мисал кылды.

Талкуу маалында жарандардын укугу жана коопсуздугу, санариптештирүү жаатындагы көйгөйлөр да көтөрүлүп, кабыл алынган жаңы Конституциянын алкагында жасалчу иштер айтылды.

Жыйынтыгында тармактык комитет 2020-жылдагы Кыргыз Республикасында мыйзамдуулуктун абалы жөнүндө жана аны чыңдоо боюнча прокуратура органдары тарабынан аткарылган иштер тууралуу Кыргыз Республикасынын башкы прокурорунун отчетун кабыл алды.

Пикир

Оставить комментарий