• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Тармактык комитет башкы прокурорлукка сунушталган Өткүрбек Жамшитовдун талапкерлигин жактырды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 24.04.18 /Кабар/. Жогорку Кеӊештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана ЖК Регламенти боюнча комитети КР Презинденти тарабынан КР Башкы прокурорлугуна сунушталган Өткүрбек Жамшитовдун талапкерлигин жактырды. Аны комитет мүчөлөрү менен Президенттин Жогорку Кеӊештеги өкүлү Курманбек Дыйканбаев тааныштырды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Депутаттар башкы прокурорлукка дайындалып калса, өз милдетине жоопкерчилик менен карап, өлкөдө мыйзамдуулуктун сакталына көзөмөлдү күчөтүү, кылмыштуулукка каршы күрөшүү чараларын жакшыртуу жаатында кыргыз парламенти менен биргелешип алпарууга тийиш экенин белгилешти. Ал эми кадр тандоо маселесинде алардын адистик деӊгээлине өзгөчө көӊүл бурууга чакырды.

Белгилей кетсек, Өткүрбек Жамшитов Ош облусунун Кара-Суу районундагы Төлөйкөн айылында туулган. 42 жашта. Жогорку билимдүү. 1996-жылы Улуттук университеттин юридика факультетин «юриспруденция» адистиги боюнча бүтүргөн. Ал буга чейин Жалал-Абад облусунун прокурору болуп турган.

Пикир

Оставить комментарий