• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Тармактык комитет Бишкек - Кара-Балта жолунун курулушу менен таанышты

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 08.06.20. /Кабар/. Бүгүн, 8-июнда Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин мүчөлөрү Бишкек-Кара-Балта жолунун курулушу менен таанышты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирет.

Көчмө жыйындын алкагында жолдун курулушун жеринде көрүп чыккан эл өкүлдөрү долбоордун кечеңдеп жатканына жана анын сапатына байланышкан маселелерди көтөрүштү. Анткени жыйын жүрүшүндө коронавирус пандемиясына байланыштуу, Кытайдан келчү тиешелүү адистердин жоктугунан долбоордун аяктоо мөөнөтү жылдырылып жатканы айтылды. Ал эми тармактык комитеттин төрагасынын орун басары Тынчтыкбек Конушбаев жолдогу коопсуздук маселесине көңүл буруп: "Илдетке байланыштуу киргизилген карантиндик режимден пайдалыш керек болчу. Унаа каттамдары азайган маалда жергиликтүү адистер жана жумушчулар тарабынан жасалуучу иштерди улантсак, көп жумуштар бүтмөк. Айрыкча, жолдун четтеринде коопсуздук чаралары камсыздалбагандыктан, жүргүнчүлөрдүн өмүрүнө коркунуч жаралууда", - деди.

Муну менен катар депутат жолду пайдаланууга бергенден кийинки колдонуу маселесин унут калтырбоо керектигине токтолуп: "Сапаты тыкыр көзөмөлдөнүшү шарт", - деп кошумчалады.

Ал эми депутат Алтынбек Жунус уулу да жолдун курулушуна байланышкан бир катар сунуштарын берип: "Бул стратегиялык маанидеги жол. Андыктан, жолдо бардык коопсуздук чаралары камтылышы зарыл. Долбоордон үнөмдөлгөн каражатты да натыйжалуу пайдалануу абзел", - деди.

Андан соң тармактык комитеттин мүчөлөрү жолдун курулушуна керектүү сырьёлор даярдалып жаткан заводдун иши менен таанышышты.

Белгилей кетсек, көчмө жыйынга депутаттар Тынчтыкбек Конушбаев, Алтынбек Жунус уулу, Даният Аттокуров, Калдарбек Баймуратов, Улугбек Ормонов, Нурбек Тотонов, транспорт жана жолдор министри Жанат Бейшенов баштаган өкмөт өкүлдөрү катышууда.

Пикир

Оставить комментарий