• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Тармактык комитет бюджет мыйзамына сунушталган түзөтүүнү жактырды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 09.10.18. /Кабар/. Бүгүн, 9-октябрда Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынында«Бюджеттик мыйзамдар чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору 1-окууда каралды.

КР Финансы министринин орун басары Алмазбек Азимов мыйзам долбоорунун негиздемесине токтолуп, кабыл алынган КР Бюджеттик кодексинин ченемдерине ылайык, атайын каражаттар түшүнүгү кыскарып, атайын казына эсептери жөнүндө ченем киргизилүүдө. Аны менен мамлекеттик акы төлөнгөн кызмат көрсөтүүлөрдөн, демөөрчүлөрдүн бюджеттик органдарга берген каражаттарынан, камкорчулук төлөмдөрүнөн, кайрымдуулук же гранттык жардамдардан келген каражаттар аккумуляцияланат.

Комитет мүчөлөрү мамлекеттик органдарда атайын каражаттарды кыскартуу зарылдыгын белгилешти. Алардын айтымында, атайын каражаттар мекеме жетекчилерине финансы каражаттарын башкарууга кеңири мүмкүнчүлүк берип калат.

Талкуу соңунда мыйзам долбоору 1-окууда жактырылды.

Пикир

Оставить комментарий