• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Тармактык комитет чек ара маселесин жабык карап жатат

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек 14.01.20. / Кабар/. Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети кыргыз-тажик чек арасына байланыштуу маселени жабык карап жатат.

Отурум вице-премьер-министр Жеңиш Разаковдун катышуусунда өтмөк. Бирок, депутат Абдувахап Нурбаев билдиргендей, ал Разаковдон расмий билдирүү алган. Вице-премьер учурда Тажикстандын Исфара шаарында тажик тарап менен жолугушмакчы.

Чек ара кызматынын жана Тышкы иштер министрлигинин маалыматын угуу сунушталды.

ТИМ өкүлдөрү азыркы учурда эки тараптуу жолугушуулар жүрүп жаткандыгын билдиришти.

Белгилей кетсек, 9-январдан 10-январга караган түнү болжол менен түнкү саат 00:40тар чамасында Баткен облусунун Баткен районунун Жака-Өрүк жергесинде белгисиз адамдар Баткен шаарына бара жаткан Кыргызстандын жаранына таандык унааны таш менен ургулашып, Тажикстандын аймагына кире качышкан.

Ошондой эле, болжол менен саат 02:40та Дахма жергесинде Тажикстандын жарандары Кыргызстандын жаранынын үйүн таш менен ургулашкан. Кыргызстандын ал жаранынын үйүнө укук коргоо органдарынын өкүлдөрү менен бирге бараткан чек арачылар Тажикстан тараптан майда калибрлүү мергенчилик куралдан чыккан окторду табышкан. Ок атуулар тажик тараптан гана чыгып, маал-маалы менен кайталанган. Эртең мененки саат 8де ок атуулар токтогон.

Бүгүнкү күнгө карата Баткен облусунун Көк-Таш айылынын 4 тургуну чагымчылдыкка шектелип кармалышкан. Абал туруктуу.

Пикир

Оставить комментарий