• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Тармактык комитет COVID-19 илдетине каршы күрөшүүгө багытталган макулдашууну колдоду

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 01.06.20. /Кабар/. Бүгүн, 1-июнда Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин жыйынында Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы насыя жана берүү жөнүндөгү (COVID-19 пандемиясы боюнча өзгөчө долбоору) макулдашуунун долбоору каралды. Жыйында Саламаттыкты сактоо министри Сабыржан Абдикаримов баяндама жасады.

Министрдин айтымында Азия өнүктүрүү банкы аталган макулдашуунун негизинде бюджетти колдоо багытында 20 млн. АКШ долларын берет. Анын 10 млн. АКШ доллары грант, калганы насыя.

Мындан тышкары, тармактык комитеттин жыйынында Саламаттыкты сактоо министри Сабыржан Абдикаримов Кыргызстан менен Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы, ошондой эле Эл аралык өнүктүрүү ассоциясынын ортосундагы Кыргыз Республикасында баштапкы медициналык-санитардык жардамдын сапатын жогорулатуу программасы үчүн донорлордун көп тараптуу максаттуу фонду жөнүндө гранттык макулдашуунун долбоору тууралуу маалымат берди.

Талкуу маалында депутат Тариел Жоробеков СОVID-19 менен жабыркагандардын 25%ы медицина кызматкерлери экенин белгилеп, бул керектүү медициналык коргоо каражаттардын жетишсиздигинен, андан сырткары ушундай учурларда каралган санитардык-гигиеналык эрежелердин сакталбагандыгынан улам келип чыккандыгын кошумчалады. Муну менен катар саламаттыкты сактоо тармагында бөлүнгөн каражаттын көлөмүн көбөйтүүнү, медицина кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатууну сунуштады.

Ал эми депутат Руслан Казакбаев коронавирус илдетинин жайылышын алдын-алуу багытында жарандарга түшүндүрүү иштерин күчөтүү керектигине токтолуп, илдетке каршы күрөшүү жаатында жумшалып жаткан каражаттардын көлөмүнө кызыкты. “Эл арасында пандемияга каршы каражаттарды сарптоодогу коррупциялык жагдайлар тууралуу айың кептер тарап жатат”, – деген депутат министрликти каржы жаатында ачык-айкын маалымат берип турууга чакырды.

Өз кезегинде Өкмөт өкүлү депутаттын суроосуна жооп берип жатып, Эл аралык валюталык фонддон 240 млн. АКШ доллары келгенин, 9 млн. АКШ доллары башка долбоорлордон багытталганын, 15 млн. АКШ доллары Бүткүл дүйнөлүк банктан, 20 млн. АКШ доллары Азия өнүктүрүү банкынан сунушталганын маалымдады.

Талкуу соңунда макулдашуунун долбоору колдоо тапты.

Пикир

Оставить комментарий