• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Тармактык комитет Дастан Догоевдин талапкерлигин Байланыш комитетинин жетекчилигине жактырды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 28.05.19. /Кабар/. Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана регламенти боюнча комитети Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматына Дастан Догоевдин талапкерлигин жактырды. Мындай чечимди комитет бүгүн кабыл алган.

Дастан Догоев учурда коомдук башталыштагы президенттин кеңешчиси. Буга чейин ал Мамлекеттик каттоо кызматын жетектеген.

Пикир

Оставить комментарий