• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Тармактык комитет дипломатиялык кызмат жөнүндө мыйзамга сунушталган түзөтүүлөрдү жактырды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 22.05.18. /Кабар/. Бүгүн, 22-майда Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынында«Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору 1-окууда каралды. Мыйзам долбоорунун демилгечилери – Жогорку Кеңештин депутаттары: К.Иманалиев, А.Нурбаев, А.Баатырбеков, А.Артыков, А.Жамангулов, Д.Исаева, И.Карамушкина, Ж.Мусабекова, К.Орозова, М.Сабиров, Б.Сулейманов, Д.Толонов Т.Шайназаров. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирет.

Мыйзам долбоору боюнча аталган комитеттин төрагасынын орун басары Абдывахаб Нурбаев баяндама жасады. Аракеттеги мыйзамда КР атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчисине, атайын жана толук ыйгарым укуктуу дипломат өкүлүнө дипломатиялык рангдар ыйгарым укуктуу органдын жетекчисинин сунуштамасы менен Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан берилет. Мыйзам долбоору аркылуу элчи менен дипломат өкүлгө дипломатиялык рангдарды ыйгаруу жол-жобосуна КР Премьер-министри менен макулдашууу аркылуу деп толуктоо киргизилүүдө.

Баяндамачынын айтымында, мындай түзөтүү КР Конституциясынын 88-беренесинде “өкмөт мамлекеттин ички жана тышкы саясатын жүзөгө ашырат” деп белгиленгендиктен келип чыккан. Андыктан дипломатиялык рангдарды ыйгарууда Кыргызстандын тышкы саясатын ишке ашырууга кандай салым кошкондугу дагы эске алынышы керек. Мындан сырткары, дипломатиялык кызматты токтотуу үчүн негиздемелердин тизмеси дагы кеңейүүдө. Башкача айтканда, критерийдин тизмеси дипломатиялык кызматтын кызматкеринин аялынын/ күйөөсүнүн чет мамлекеттин жарандыгы болгон жагдай менен толукталууда.

Жыйында КР тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев дипломатиялык кызматтын кызматкерлерин пенсия менен камсыздоо маселеси боюнча дагы кошумча киргизүүнү сунуш кылды. Мындан сырткары, Э.Абдылдаев депутаттар тарабынан сунушталган түзөтүүлөр башка мыйзам актыларына дагы өзгөртүүлөр менен толуктоолорду киргизүүгө алып келет.

Талкуунун жыйынтыгында комитет мүчөлөрү мыйзам долбоорун 1-окууда жактыруу чечимин кабыл алышты.

Пикир

Оставить комментарий