• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Тармактык комитет ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин ортосундагы жарандык жана кызматтык куралдардын жылып жүрүүсү боюнча макулдашууну жактырды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек,15.05.18./Кабар/. Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети «Евразия экономикалык бирлигине мүчө-мамлекеттердин ортосундагы жарандык жана кызматтык куралдардын жылып жүрүүсү боюнча макулдашуу боюнча ратификациялык мыйзам долбоорунун концепциясын жактырды. Долбоор буга чейин Жогорку Кеңештин тиешелүү тармактык комитеттеринин макулдашуусунан өткөн. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирет.

Тышкы иштер министринин орун басары Алмазбек Орозалиевдин айтымында, мыйзам долбоору Евразия экономикалык бирлигине мүчө-мамлекеттер ортосундагы жарандык жана кызматтык куралдардын жылып жүрүүсү боюнча макулдашууну ратификациялоо максатында иштелип чыккан.

“Бул макулдашуу ЕАЭБ алкагында түзүлгөн эл аралык келишим болуп саналат жана мамлекеттик көзөмөл менен байланышкан маселелерди тейлөө, жарандык жана кызматтык куралдардын ички транзит аркылуу жылып жүрүүсү, ошондой эле компетенттүү органдарынын ортосундагы кызматташуу менен байланышкан мамилелерди жөнгө салуу максатын көздөйт”, - дейт баяндамачы.

Пикир

Оставить комментарий