• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Тармактык комитет финансы министрлигине Жээнбаеванын талапкерлигин жактырды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 12.10.18. /Кабар/. Жогорку Кеӊештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана ЖК Регламенти боюнча комитет Премьер-министр тарабынан финансы министри кызмат ордуна дайындоого сунушталган Жээнбаева Бактыгүл Жаныбековнанын талапкерлигин жактырды. Ал ушул жылдын 6-декабрында өз каалоосу менен отставкага кеткен каржы министри Адылбек Касымалиевдин ордуна көрсөтүлүүдө.

Талапкерди депутаттарга вице-премьер-министр Замирбек Аскаров тааныштырды. Анын айтымында, көрсөтүлүп жаткан талапкер узак мезгил аралыгында өзүн мамлекеттик каржы саясаты жаатындагы чыныгы кесипкөй жана мол тажрыйбалуу кызматкер катары көрсөтө алды, ал министрликке толук татыктуу.

Белгилей кетсек, Бактыгүл Жээнбаева 1960-жылы Бишкек шаарында туулган. Жогорку билимдүү. Ушу тапта КР Президентинин кеӊешчиси болуп иштейт. Ал ага чейин Улуттук банк, «Айыл Банк», Мамлекеттик ипотека компаниясы сындуу ири каржы мекемелерин жетектеп келген.

Пикир

Оставить комментарий