• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Тармактык комитет Каныбек Иманалиевди билим берүү министри кызматына жактырды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 27.02.23. /Кабар/. Жогорку Кеңештин социалдык саясат боюнча комитети Каныбек Иманалиевди билим берүү жана илим министри кызматына дайындоого макулдук берди.

Комитеттин жыйынында Каныбек Иманалиев билим берүү тармагын өркүндөтүү боюнча өзүнүн ой-максаттары жана сунуштары тууралуу айтты. Талапкер чукул арада билим берүү тармагын реформалоо боюнча концепция даярдаларын белгилеп, билим берүүдөгү негизги көйгөлөргө токтолду.

Каныбек Иманалиев бүгүнкү күндө Кыргызстандын билим берүү системасынын 60% дүйнөлүк стандарттарга жооп бербестигин белгилеп, бул багытта көп өзгөртүүлөрдү жасоо керек деди. Ал советтик педагогиканын эң мыкты үлгүлөрүн сактап калуу менен окутуунун британиялык системасына өтүү зарылдыгына токтолду. “Учурда 600 миң бала бала бакчага барбайт. Университетте окуган студентке 5 миң сом бергенден көрө, бакчадагы балага 500 сом берсек пайдалуу.

Кесиптик билим берүүгө 2 млрд сом кетет экен, бирок ага окуучулардын 15% барат. Кыргызстанда 73 ЖОЖ бар, бирок 2030-жылдагы дүйнөдөгү эң керектүү 10 кесип болсо, биздин окуу жайлардын бири да ал кесиптер боюнча кадр даярдап чыгарбайт”, - деди Каныбек Иманалиев.

Өз сөзүндө Иманалиев бюджеттен каражат сурабай туруп, эффект бере турган иш-чараларды аткарууга болорун кошумчалады. Тактап айтсак, шайлоолордо гана иштетилген компьютерлерди, айыл китепканаларын, маданият үйлөрүн билим берүүгө колдонууга берүүнү сурады.

Депутаттар өздөрүнүн кызыктырган суроолорун узатып, жыйынтыгында Каныбек Иманалиевди билим берүү жана илим министри кызматына дайындоого макулдук берди.

Пикир

Оставить комментарий