• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Тармактык комитет Кемелованын талапкерлигин бекитти

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 15.01.19. /Кабар/. Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргонуу жана коопсуздук комитети Динара Кемелованын Түштүк Кореядагы элчи кызматына бекитти. Буга чейин ал тышкы иштер министринин биринчи орун басары болуп келген.

Кемелованы элчи кылып дайындоо чечими бүгүн аталган комитеттин отурумунда кабыл алынды.

Депутат Руслан Казакбаев япон тилин билген Динара Кемелова эмнеге Япониядагы элчи кызматына сунушталбаганы боюнча суроо берди.

Тышкы иштер министринин орун басары Азизбек Мадмаров бул саясий чечим болгон деген жооп кайтарды.

Пикир

Оставить комментарий