• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Тармактык комитет өкмөттүн 2019-жылдагы иши тууралуу Абылгазиевдин отчетун угууда

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 12.05.20. /Кабар/. Бүгүн, 12-майда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин кезектеги отурумунда депутаттар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдагы иши тууралуу премьер-министрдин отчетун угууда.

Отурумда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев баяндама жасап, отчет Өкмөттүн ишин баалоо индикаторлору менен Жогорку Кеңеш тарабынан бекитилген форматта сунушталганын кошумчалады. Ошондой эле өкмөт башчы социалдык-экономикалык негизги көрсөткүчтөргө токтолуп: “Ички дүң өнүмүнүн көлөмүнүн өсүшү 4,5%ды түздү. Бул көрсөткүч 2016-жылдан бери артууда”, – деди.

Мындан тышкары, 2019-жылы 14 миң туруктуу жумушчу оруну түзүлгөнү айтылды. Ал эми мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында 24 долбоор ишке ашырылып, “бизнес-акыйкатчы” институту киргизилгени белгиленди.

“Тышкы инвестициянын көлөмү 876 млн. АКШ долларына барабар болуп, өсүш 2,9% болду. Тагыраагы өлкөбүзгө Кытайдан, Канададан, Швейцариядан, Түркиядан, Россиядан жана Казакстандан инвестиция тартылды. Алардын көпчүлүгү тоо-кен, унаа жолдорун куруу, айыл чарба тармактарында ишке ашырылууда” – деди премьер-министр.

Жыйын суроо-жооп иретинде улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий