• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Тармактык комитет Өкмөттүн өткөн жылдагы аткарган ишин канааттандырарлык деп тапты

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 17.04.18 /Кабар/. Бүгүн, 17-апрелдеги Жогорку Кеңештин экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин кезектеги жыйынында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдагы ишинин отчет каралды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Аткарылган иштер тууралуу баяндама жасаган вице-премьер-министр Санжар Муканбетов Евразия экономикалык биримдигине кирген мамлекеттер менен болгон товар жүгүртүүнүн көлөмү 16%га көбөйгөнүн белгилеп, көрсөткүчтөр эл аралык деңгээлде да 1,5%га жогорулатылганын кошумчалады.

Андан тышкары, айыл чарба тармагына өзгөчө көңүл бурулганын айткан вице-премьер-министри “Айыл-чарбасын каржылоо – 5” долбоорунун алкагында мамлекет тарабынан 530 млн. сом жумшалганын билдирди.

Жыйын соңунда бир катар суроолорго жооп алган комитет мүчөлөрү, Өкмөттүн өткөн жылдагы аткарган иштерин канаттандырарлык деп тапты.

Ошондой эле бүгүнкү жыйында Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан демилгеленген Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушу да колдоого алынды.

Пикир

Оставить комментарий