• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Тармактык комитет Конституциялык палатанын үч судьясын кызматынан бошотуу сунушун жактырды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 26.11.19. /Кабар/. Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьялары Эркинбек Мамыровду, Мээргүл Борбукееваны, Мукамбет Касымалиевди кызматынан бошотуу сунушун жактырды.

КР Президентинин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү Курманбек Дыйканбаевдин айтымында, алардын 7 жылдык ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаганына байланыштуу ушундай чечим кабыл алынган.

Белгилей кетсек, Конституциялык соттун курамы 11 судьядан турат. Ушу тапта анда кворум жок, азырынча 6 судья гана иштеп жатат.

Пикир

Оставить комментарий