• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Тармактык комитет КР менен Чехия өлкөлөрүнүн ортосундагы кош салык жөнүндө макулдашууну жактырды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 23.12.19. /Кабар/. Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитети КР Өкмөтү менен Чехия Өкмөтүнүн ортосундагы Киреше салыгына карата кош салык салууну болтурбоо, салык төлөөдөн баш тартуунун жана салык салуудан качуунун алдын алуу жөнүндө макулдашуу боюнча ратификациялык мыйзам долбоорунун концепциясын жактырды.

Эске салсак, Экономика министрлигинин маалыматында, Кыргызстан менен Чехиянын ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү быйылкы жылдын сегиз айына карата 4 млн 200 миң доллардын тегерегинде болду.

Пикир

Оставить комментарий