• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Тармактык комитет Кыргызстандын БАЭдагы элчилигине Абдилатиф Жумабаевдин талапкерлигин жактырды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 24.12.19. /Кабар/. Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Кыргыз Республикасынын Бириккен Арап Эмиратындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси кызмат ордуна сунушталган Абдилатиф Жумабаевдин талапкерлигин жактырды. Аны депутаттарга тышкы иштер министринин орун басары Нурлан Абдрахманов тааныштырды.

Белгилей кетсек, Абдилатиф Жумабаев ушу тапта Кыргыз Республикасынын Сауд Аравиясындагы жана Түштүк Африкасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси кызматын аркалап келет.

Пикир

Оставить комментарий