• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Тармактык комитет Кыргызстандын Индиядагы элчисин дайындоого макулдук берди

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 22.01.19. /Кабар/. Бүгүн, 22-январда Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинде Кыргыз Республикасынын Индия Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси кызмат ордуна дайындоо тууралуу маселе каралды.

КР тышкы иштер министри Чыӊгыз Айдарбеков Идияга элчи кызматына талапкер Асейин Кусейинович Исаевдин талапкерлиги боюнча баяндама жасады.

Комитет Кыргызстандын Индиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси кызмат ордуна А.Исаевди дайындоого макулдук берүү чечимин кабыл алды.

Пикир

Оставить комментарий