• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Тармактык комитет Орозбаевди КРнын Гуанчжоудогу Башкы консулу кызмат ордуна дайындоого макулдугун берди

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 27.11.18. /Кабар/. Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Искендер Орозбаевди Кыргыз Республикасынын Кытай Эл Республикасынын Гуанчжоу шаарындагы Башкы консулунун кызмат ордуна дайындоого макулдугун берди. Талапкерди депутаттарга тышкы иштер министри Чыӊгыз Айдарбеков тааныштырды. Анын айтымында, ал такшалган жана тажрыйбалуу дипломаттардын бир болуп саналат.

Белгилей кетсек, Искендер Орозбаев буга чейин Кытайдын Үрүмчү шаарындагы Башкы консулу болуп иштеген.

Пикир

Оставить комментарий