Тармактык комитет Премьер-министр тарабынан өкмөт мүчөлүгүнө сунушталган 3 жаӊы талапкерди жактырды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 18.09.18. /Кабар/. Жогорку Кеӊештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин кезектеги жыйынында КР Премьер-министри тарабынан КР Ɵкмѳтүнүн Аппарат жетекчиси – министри, Юстиция министри, Ɵнѳр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин тѳрагасы кызмат орундарына сунуш кылынган талапкерлер каралды. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирет.

Талапкерлерди депутаттарга биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов тааныштырды. Ал сунуш кылынып жаткан талапкерлердин баары жогорку билимге ээ, тийиштүү иш тажрыйбалары бар экенин билдирди.

Ошентип, талкуу жыйынтыгында КР Ɵкмѳтүнүн аппарат жетекчиси – министрлигине Шамилбек Асымбековдун, юстиция министрлигине Марат Жаманкуловдун, Ɵнѳр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин тѳрагалыгына Эмил Осмомбетовдун талапкерлиги жактырылды.

Белгилей кетсек, Шамилбек Асымбеков Ɵкмѳттүн аппарат жетекчисинин орун басары, Марат Жаманкулов Өкмөттүн юридика бөлүмүнүн башчысы, Эмил Осмонбетов «Кыргызалтын» мамлекеттик ишканасынын Директорлор кеӊешинин мүчөсү болуп турган.

Пикир

Оставить комментарий