• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Тармактык комитет саламаттык сактоо министри кызматына Гүлнара Баатырованын талапкерлигин колдоду

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 05.09.22. /Кабар/. Бүгүн, 5-сентябрда Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин кезектеги жыйынында саламаттык сактоо министринин кызмат ордуна Гүлнара Баатырованын талапкерлиги колдоо тапты.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдиргендей, талкуу маалында талапкерге бир катар суроолор берилип, саламаттык сактоо тармагындагы көйгөйлөрдү чечүү маселелери көтөрүлдү.

Белгилей кетсек, Гүлнара Баатырова 2022-жылдын 23-августунда саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган.

Пикир

Оставить комментарий