• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Тармактык комитет салыктык эмес кирешелер жөнүндөгү кодекстин долбоорун талкуулады

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 27.02.18 /Кабар/. Бүгүн, 27-февраль күнү Жогорку Кеңештин экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин кезектеги жыйында салыктык эмес кирешелери жөнүндөгү кодексти колдонууга киргизүү тууралуу Өкмөт тарабынан сунушталган мыйзам долбоору талкууланды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Долбоор жөнүндө баяндама жасаган Кыргыз Республикасынын финансы министри Адылбек Касымалиевдин айтымында салыктык эмес кирешелер, өлчөмдөр жана төлөмдөр ар кайсы мыйзамдардын, токтомдордун негизинде жөнгө салынгандыктан, анын баарын бир кодекске киргизүү зарыл. “Ошондой эле 1994-жылы ишке киргизилген “Салыктык эмес төлөмдөр жөнүндөгү” мыйзамдын көпчүлүк салыктык эмес кирешелерди жөнгө салган жоболору азыркы учурдун талабына жооп бербейт. Анткени, салыктык эмес төлөмдөрү чогултуунун бирдиктүү тартиби, кызмат адамдарынын иш-аракеттерине карата даттанууларды кароо эрежеси сыяктуу бир канча жоболор жок”, – дейт Адылбек Касымалиев.

Ал эми эл өкүлдөрү салык тармагына тиешелүү кодекстерди көбөйтүү менен ишкерлердин ишмердүүлүгүнө кошумча ыңгайсыздыктар жараларын белгилешти. Алсак, депутат Акылбек Жапаров салыктык эмес кирешелери жөнүндөгү жобону салык кодексине эле киргизүүгө болорун билдирди. Мындан сырткары, депутат салыктык эмес төлөмдөрүн кайда түшөрүн так көрсөтүү керектигин кошумчалады.

Жыйында айтылгандай, бюджетке салыктык эмес төлөмдөрдөн 2016-жылы 26,8 млрд. сом түшсө, 2017-жылы 30,2 млрд. сом түшкөн.

Талкуу соңунда аталган кодекстин концепциясы комитет тарабынан жактырылып, эл өкүлдөр тарабынан айтылган сунуштарды эске алуу зарылчылыгы айтылды.

Пикир

Оставить комментарий