• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Тармактык комитет Улукбек Марипов баштаган өкмөттүн жаңы курамын жактырды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 02.02.21. /Кабар/. Бүгүн, 2-февралда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин жыйынында Улукбек Марипов баштаган Өкмөттүн жаңы курамы, түзүмү жана программасы каралууда.

Талкуу маалында депутат Иса Өмүркулов жаңы Өкмөт тарабынан радикалдуу реформалар сунушталып жатканына токтолуп: "Тобокелдик бар. Андыктан, жигердүү иш алып барууңуздар керек",- деди.

Өз кезегинде Премьер-министрлик кызмат ордуна сунушталып жаткан Улукбек Марипов экономика маселеси артыкчылыктуу багыт катары караларын билдирип: "Энергетика тармагында көйгөйлөр көп. Бул жаатта ыкчам аракет көрбөсөк, оор кырдаал түзүлүп калышы мүмкүн. Андыктан бардык ашыкча чыгымдарды азайтуу менен башкаруу системасын оптималдаштыруубуз кажет", - деп кошумчалады.

Ал эми депутат Мирлан Бакиров кыскартуулардан кийин канча каражат үнөмдөлөрүнө кызыкты.

Улукбек Марипов жакынкы аралыкта толук эсептеп чыгып, үнөмдөлгөн каражатты аз айлык алган кызматкерлердин айлык маянасын жогорулатууга жумшаларын маалымдады.

Ошондой эле депутат Аалы Карашевдин социалдык милдеттемелерди аткаруудагы көйгөйлөр тууралуу көтөргөн маселесине, биринчи вице-премьер-министрлик кызмат ордуна сунушталып жаткан Артем Новиков "Социалдык милдеттемелер толук аткарылат" - деп жооп берди.

Мындан сырткары жыйында аймактык реформа, кадр саясаты сыяктуу бир катар маселелер да айтылды.

Жыйынтыгында Улукбек Марипов баштаган өкмөттүн жаңы курамы, түзүмү жана программасы тармактык комитет тарабынан жактырылды.

Пикир

Оставить комментарий