• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Тармактык комитет “Улуттук Кызыл Ай коому жөнүндө» мыйзам долбоорунун концепциясын жактырды

Коом 0

Бишкек, 23-май /Кабар/. Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин бүгүнкү, 23-майдагы жыйынында«Кыргыз Республикасынын Улуттук Кызыл Ай коому жөнүндө» мыйзам долбоорунун концепциясы каралды. Мыйзам долбоору бир катар депутаттар тарабынан демилгеленген.

Аталган мыйзам долбоору боюнча демилгечилердин бири, депутат Алмазбек Баатырбеков баяндама жасады.

Маалыматка ылайык, Кызыл ай коому Кыргыз АССРинде 1926-жылы негизделген. Эгемендүүлүккө ээ болгондон тартып, 1992-жылы Кызыл крест жана Кызыл ай коомдорунун бирлигинин X кезексиз сьездинде “Кызыл крест жана Кызыл ай коомдорун жоюу жөнүндө” документ кабыл алынган. Кыргыз Республикасынын Президентинин 1992-жылдын 22-июнундагы “Кыргыз Республикасынын улуттук Кызыл Ай коому жөнүндө” Жарлыгына ылайык, Кыргызстан аймагында бирдиктүү, көз карандысыз гуманитардык уюм катары таанылган улуттук Кызыл ай коому түзүлгөн. КРнын колдонуудагы укуктук-ченемдик актыларында улуттук Кызыл ай коомунун ишмердүүлүгү үчүн аныкталган укуктук негиздер бар. Бирок анын конкреттүү укуктук макамы бүгүнкү күнгө чейин аныкталган эмес. Азыркы кезде бул багытта өзүнчө мыйзамдын жоктугу КР улуттук Кызыл ай коомунун иши үчүн белгилүү бир кыйынчылыктарды жаратып, дүйнөлүк практикага туураланбай келет.

Талкууда КР улуттук Кызыл ай коомунун жетекчилери депутаттар Ирина Карамушкина, Максат Сабиров, Анвар Артыков, Динара Исаева жана Акылбек Жамангуловдун суроолоруна жооп берип жатып, мамлекеттик бюджеттен каражат албастыгын, эл аралык уюмдардын каражаттарына иш-чараларды уюштуруп келе жаткандыгын маалымдашты. Аларга волонтерлер көп көмөк көрсөтүшүүдө. КР улуттук Кызыл ай коому көмөкчү уюм катары Саламаттыкты сактоо, Өзгөчө кырдаалдар, Эмгек жана социалдык өнүгүү министрликтери, Миграция кызматы сындуу мамлекеттик органдар менен жигердүү кызматташып келет.

Жыйынтыгында комитет мүчөлөрү сунушталган мыйзам долбоорунун концепциясын жактыруу чечимин кабыл алышты.

Пикир

Оставить комментарий