• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Тармактык комитет вице-премьер-министр кызмат ордуна Дайыр Кенекеевдин талапкерлигин жактырды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 24.10.17 /Кабар/. Жогорку Кеӊештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети коргоо жана чек ара маселелери боюнча вице-премьер-министр кызмат ордуна Дайыр Кенекеевдин талапкерлигин жактырды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Депутат Осмонбек Артыкбаев баш болгон бир катар эл өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп берип жатып, Дайыр Кенекеев Өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүндө баш-аягы эки жылдан ашуун иштегенин, бул мезгил аралыгында аймактын экономикасы көтөрүлгөнүн, Талас-Тараз-Суусамыр автожолу аягына чыгарылып жатканын белгиледи. Ал коӊшу Казакстан менен мамиле жакшырганын, азыр чек арадагы Чоү-Капка өткөрүү жайында абал оӊолгонун кошумчалады.

Белгилей кетсек, Дайыр Кенекеевдин талапкерлиги жакында жол кырсыгынан каза болгон вице-премьер-министр Темир Жумакадыровдун ордуна сунушталууда.

Пикир

Оставить комментарий