• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Тармактык комитет өзгөчө кырдаалдар министрине Замирбек Аскаровдун талапкерлигин жактырды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 04.02.20. /Кабар/. Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети өзгөчө кырдаалдар министрине сунушталган Замирбек Аскаровдун, талапкерлигин жактырып, аларды парламенттин кароосуна алып чыгуу чечимине келди.

Замирбек Аскаровду депутаттарга премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тааныштырды.

Мурдагы министр Нурболот Мирзахмедов ушул жылдын 23-январында Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалган.

Эске салсак, Аскаров учурда Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри кызматын ээлеп келет.

Пикир

Оставить комментарий