• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Тармактык комитет Жайыл РИИБисинин имаратында кыздын бычакталышы боюнча маалымат укту

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 05.06.18. /Кабар/. Бүгүн, 5-июнда Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жыйынында 2018-жылдын 28-майында Чүй облусунун Жайыл РИИБисинин имаратында Турдали кызы Бурулайдын бычакталышы боюнча укук коргоо органдарынын маалыматы угулду. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирет.

Комитеттин төрайымы Наталья Никитенко бул окуяны милиция кызматкерлери тарабынан жасалган шалаакылык мамиле катары баалап, адам укугу көз көрүнөө тебеленип жатканына токтолду. Эл өкүлү мындай адатты көнүмүшкө айлантып отура бербей, аялзатын уурдоого түп тамырынан бери тыюу салуу керектигин белгиледи.

КР Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев өз баяндамасында болгон окуя боюнча милиция кызматкерлеринин жоопкерчиликсиз мамиле жасаганын эске алуу менен бул окуяга тиешеси бар делген 23 кызматкер ээлеген кызматынан бошотулганын маалымдады. Учурда Турдалы кызы Бурулайдын иши боюнча ИИМ, ал эми өз милдетин туура аткарбаган милиция кызматкерлери үчүн Башкы прокуратура менен УКМК тергөө иштерин жүргүзүп жатканын кошумчалады.

Жыйын жүрүшүндө депутат Айнуру Алтыбаева демократиялуу өлкөдө ар бир жарандын коопсуздугу сакталышы керектигин айтса, депутат Жаныбек Бакчиев ИИМде тажырыйбасы мол кызматкерлер иштен алынып, акыркы эки жыл ичинде өз ишин билбегендер иштеп жатканын сындап, министрди кадр кызматына дыкат көңүл бурууга чакырды.

Депутат Мирлан Жээнчороев бүтүндөй кыргыз эли үчүн кайгылуу окуя болгондугун айтып, жооптуу милиция кызматкерлерин Бурулайдын ата-энесинен кечирим сурого үндөдү. Ал эми Зарылбек Рысалиев: “Бул жерде одоно тартипсиздик Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жасалган. Себеби, кызды сайган Нурлан Бөдөшов милиция бөлүмүнө бычак менен кирип кеткен, ал толугу менен текшерүүдөн өткөн эмес”,- деди. Депутат Бакирдин Субанбеков ишти көмүскөдө калтырбай иликтөө иштерин ыкчам жана адилеттүү чечүү тапшырмасын министрден талап кылды.

Жыйынтыгында комитет тергөө иштери жаңы гана башталгандыктан, бул маселеге 18-июнда кайра кайрылып кароо чечимин кабыл алышты.

Пикир

Оставить комментарий