• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Тармактык комитетте Аба каттамын түзүү жөнүндө протоколдун долбооруна макулдук берилди

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 19.06.18. /Кабар/. Бүгүн, 19-июнда Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынында 1999-жылдын 22 сентябрында №99 Кыргыз Республикасынын мыйзамы менен ратификацияланган “1994-жылдын 14-октябрында Анкара шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Аба каттамын түзүү жөнүндө" макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Протоколдун долбоору каралды.

КР Транспорт жана жолдор министрлигинин статс-катчысы Эрмек Мамыркалиев аракеттеги Макулдашууга ылайык, авиакомпаниялар ар жыл сайын чогулуп, авиакаттам тарифин бекитип алуусу керек. Ал эми бүгүнкү сунушталган өзгөртүүлөр түрк тарабынан болуп, анда мындай практикадан кайтуу жана авиакомпаниялардын өзүнө тарифти бекитүү мүмкүнчүлүгү берилүүдө. Алардын айтымында, бул дүйнөлүк тажрыйба.

Талкууда депутат Анвар Артыков тарифтерди бекитүүдөгү либерализация авибилеттердин баасынын өсүшүнө алып келерин айтты. Мыйзам долбоорун иштеп чыккандар мындай пикирге макул эмес. Анткени атаандаштыкта авиабилеттердин баасы төмөндөшү керек.

Жыйынтыгында комитет тарабынан сунушталган протоколдун долбооруна макулдук берилди.

Пикир

Оставить комментарий