• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Тармактык комитетте айылдарга интернет жеткирүүгө багытталган гранттык жана насыялык долбоор каралды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 12.06.18. /Кабар/. Өлкөдө интернетти жакшыртуу үчүн Digital CASA долбоору менен КР Өкмөтү Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынан 50 млн АКШ доллар грант жана насыя алууну көздөөдө. Бул багыттагы Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы (“Digital CASA – Кыргыз Республикасы» долбоорун) каржылоо тууралуу Макулдашууну жактыруу тууралуу КР Өкмөтүнүн буйругунун долбоору бүгүн, 12-июнда Жогорку Кеңештин Транспорт, архитектура жана курулуш комитетинде талкууланып, бир нече сунуштар жана эскертүүлөр менен колдоо тапты.

КР Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиев билдиргендей, алынуучу 50 млн доллардын жарымы грант болсо, 25 млну 1.6% менен 38 жылга насыя катары берилмекчи. “Эгер долбоор ишке ашса, айылдарга чейин кабелдүү интернет жетип, ылдамдыгы жакшырып, баасы арзандайт. Интернет жолу деңизге чыгат”,- деди баяндамачы.

Суроо- жоопто депутат Алтынбек Жунус уулу Digital CASA долбоору жүзөгө аша турган болсо, азыркы иштеп жаткан компаниялыр монополист болуп калбайбы деген тынчсыздануусун билдирди. “Учурда “Кыргызтелеком”, “Элкард” сыяктуу компаниялар мүмкүнчүлүгүнө жараша иштеп жатат. Алар кээ бир аймактарга толук жетпейт. Ошондуктан кийин бир компанияны монополист кылып албайбызбы?”-дейт ал. Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиев Дүйнөлүк банктын негизги талабы да монополияга жол бербөө болуп жатканын, ар бир облуста бир эмес бир нече компания иштөөсүнө мүмкүнчүлүк берилерин билдирди.

Белгилей кетсек, бул маселе тармактык комитетте экинчи жолу каралды. Мурунку жыйында депутаттар 50 млн доллардын 11 миллиондон ашыгы консультативдик кеңештерге кетерин, техникалык экономикалык негиздемеси жоктугун сынга алган. ТВЕА менен болгон келишимге окшоп Digital CASA долбоорунда да коррупциянын элементтерин болушу мүмкүн деген күмөн эл өкүлдөрүндө пайда болгондуктан, долбоордун үстүнөн кайра иштеп келүүгө убакыт берген болчу.

Пикир

Оставить комментарий