• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Тармактык комитетте чек ара жана бажы тармагына тиешелүү маселелер каралды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 18.09.18. /Кабар/. Бүгүн, 18-сентябрда Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин кезектеги жыйынында чек ара жана бажы тармагына тиешелүү маселелер талкууланып, эл өкүлдөрү бул жааттагы көйгөйлөрдү көтөрүштү.

Депутат Эльвира Сурабалдиева чек арадагы өткөрмө жайларында мыйзамсыз иш-аракеттер арбын экенине токтолуп, унаа жана телефондорду киргизүүдө алынуучу төлөмдөр толук мамлекеттин казынасына түшпөй жатканын мисал кылды. “Өкмөт тармакты көзөмөлгө алып, ЕАЭБ алкагындагы маселелерди да тез арада чечүүсү керек. Антпесе, көйгөй дагы көбөйүп, көмүскө экономиканын өсүшү арбыйт. Ошондуктан, тиешелүү мыйзамдарга өзгөртүү киргизүүдөн тышкары, өлкөлөр ортосундагы макулдашууларды кайрадан карап чыгуу керек”, – деди депутат Эльвира Сурабалдиева.

Ошондой эле “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын ишмердүүлүгү жөнүндө” жана “Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2016-жылдын 12-октябрындагы №17-168 тапшырмасына ылайык ведомстволор аралык буйрук менен түзүлгөн биргелешкен мобилдик топтун ишинин жыйынтыгы жөнүндө” Комитеттин 2018-жылдын 22-майындагы чечиминин аткарылышы да комитеттин бүгүнкү жыйынында каралып, тиешелүү мекеме жетекчилеринин маалыматы угулду.

Кошумчалай кетсек, Казакстан менен Кыргызстандын чек арасында 12 өткөрмө бекети болсо, алардын төртөө учурда жабык.

Пикир

Оставить комментарий